7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө катер сүзүп кеткен адам каза болду

518

Ысык-Көлдө катер сүзүп кеткен адам ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Окуя 15-июлда болжол менен саат 18:25те Кара-Ой айылындагы эс алуу борборлорунун биринин пляжында болгон. Катер 42 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Жабыркаган адам Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал Балыкчыда туулуп, кийин Казакстандын жарандыгын алганы белгилүү.

Окуя тууралуу милицияга кабарланып, бул факт каттоого алынган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө катердин ээси Ысык-Көлдүн 32 жаштагы тургуну М.Б. экени, кырсык болгон учурда катерди Кара-Ой айылынын 2006-жылы туулган тургуну А.А. башкарып бара жаткандыгы аныкталган.

Ооруканага түшкөн адам 16-июлда жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган фактыга байланыштуу 127-берене (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 311-берене (Суу транспортунун кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

 

519