Ысык-Көл облусунан Чүй облусуна ташуу жана сатуу боюнча кезектеги баңгилик каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинен “Тойота-Эстима” маркасындагы авто унаа токтотулуп, анын ичинде Б.Ж. аттуу жаран болгон. Ал жаран баңгилик топтун катышуучусу болуп, буга чейин баңгизат каражаттарын ташуу жана сатуу менен алектенип келген.
Аталган авто унаага тинтүү жүргүзүү учурунда анын ичинен кара куурай, квадрат формасындагы күкүм аралашма кочкул жашыл өңдөгү заты бар баштык алынган.
Экспертизанын жыйынтыгында, алынган зат жалпы салмактагы 3 кг каннабис чайыры (гашиш) баңгизат каражаты болгон.
Кармалган жаран Бишкек шаарынын № 1 тергөө изоляторуна киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Учурда аталган баңгилик кылмышка тиешеси бар жарандардын өздүгүн аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.