7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө он күндүн ичинде 28 мас айдоочу аныкталды

578

Ысык-Көлдө он күндүн ичинде 28 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы он күндүн аралыгында 1226 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, анын ичинен 28 айдоочу мас абалында автоунааларын башкарып жаткан жеринен токтотулду. Айып пул төлөнүүчү жайга 45 автоунаа киргизилди.

29-январь күнү Каракол шаарынан 52 жаштагы жарандын башкаруусундагы «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулганда, айдоочудан алкоголдук ичимдиктин жыты сезилип турган. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөндө, айдочу мас абалында экендиги аныкталган. Айдоочу милиция кызматкерлери менен сүйлөшкөндө, өзүн Ак-Суу районунун айыл аймактарынын биринин башчысы катары таныштырып, күбөлүгүн көрсөткөн. Кийинчерээк, айдоочу райондун социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси экендиги тастыкталган.

Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренесинин («Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү») негизинде протокол түзүлүп, айып пул салынып, автоунаа айып пул төлөнүүчү жайга токтотулду.

30-январь күнү болжол менен түндө Жети-Өгүз РИИБне «Тез жардам» станциясынан билдирүү түшүп, анда Кызыл-Суу жана Оргочор айылдарынын ортосунда жол кырсыгы болгон.

Териштирүү иштери боюнча, Жети-Өгүз РЭСтин «Фольксваген – Гольф 3» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын 34 жаштагы айдоочу башкарып бара жатып, карама-каршы келе жаткан «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп, жол кырсыгына учураган.

Жол кырсыктан улам, кызматтык автоунаанын айдоочусу денесинен жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган. Медициналык күбөлөндүрүү көрсөткөндөй, кызматтык автоунаанын айдоочусу жол кырсыгы учурунда мас абалында болгону аныкталган.

Бул факты боюнча райондук милицинын тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, автоунаа айып пул төлөнүүчү жайга киргизилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579