7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө опузалап акча талап кылган 28 жаштагы салык кызматкери кармалды

953

Ысык-Көлдө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Челпек айылынын тургуну арыз менен кайрылып, «Эрадил» аттуу белгисиз жаран, коркутуу менен андан 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 208 (Опузалап талап кылуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жабырлануучунун үйүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ак-Суу районуна караштуу Бурма-Суу айылынын 28 жаштагы тургуну М.Э. кармалды. Кармалган жаран Каракол шаарынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкери экендиги белгилүү болду.

Кылмышка шектүү соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

954