7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча мурунку адиси кармалды

257

«Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча мурунку адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК ККК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча мурунку адиси «Ж.М.Ж.» кармалган.


Жүргүзүлгөн иш-чаралардын учурунда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Каракол шаарынын мэриясынын Каракол шаарындагы «Сууканал» ишканасынын жооптуу кызматкерлери, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында суу алуучу курулманы калыбына келтирүүдө жана курууда каржылык ресурстарды максатсыз пайдалануу жана курулуш иштеринин көлөмүн ашыкча баалоо фактылары аныкталды.


Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча мурунку адиси «Ж.М.Ж.», 2014-2017-жылдар аралыгында жалпы 3,5 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн жумушту аяктагандыгы жөнүндө күбөлүктү кабыл алуу маселеси боюнча оң чечим үчүн подрядчиктерден системалуу түрдө акчалай сыйакы алган.


Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндөгү кылмыш жасагандыгы боюнча кылмышка шектелип Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине жана 99-беренесине ылайык «Ж.М.Ж.» кармалган жана Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекеттик бюджетке келтирилген 2 миллион сом зыяндын бир бөлүгүн төлөп берген.


Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча оперативдик-иликтөө иш-чараларын улантууда, ошондой эле Каракол шаарындагы суу алуучу имаратты калыбына келтирүүдө жана курууда мыйзамсыз иш-аракеттерге катышкан башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иштер уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

258