7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан жарлык жарандар арасында колдоого алынды

563

Ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан жарлык жарандар арасында колдоого алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында ушул жылдын 25-февралында ИИМдин “КРнын ИИОнун кызматкерлерине жана жарандарга маалыматтык – түшүндүрүү өнөктүгүн уюштуруу жөнүндө” тескемеси чыгарылып, ИИОнун бардык кызматтарына, башкармалыктарына, өзүнчө бөлүктөрүнө жана Ички аскерлерине жиберилген.

Биринчи кезекте ИИОнун кызматкерлеринин арасында жарлыктын мааниси түшүндүрүлүп, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө керектиги айтылган.

Андан соң, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана анын аймактардагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан жарлыкты жергиликтүү тургундарга жеткирүү максатында профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулган. Алар мечиттерге жума намазка келген жарандар менен жолугушуп, бул жарлык боюнча кенен түшүндүрмө беришип, жарандардын суроолоруна жооп беришкен.

Ошондой эле, жер-жерлердеги шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, балдар иштери боюнча инспекторлору жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жарандар менен жолугушууларды өткөрүшүп, жарлыктын мааниси, үрп-адаттарды, тойлорду жана маркумду акыркы сапарга узатуу жана башка мааракелерди өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жаатында алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан бул багыт боюнча жалпы 9 358 иш-чаралар уюштурулган.

Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар өлкө башчысынын бул жарлыгын колдошоорун айтышып, ысырапкерчилик элдин социалдык-экономикалык жашоосуна терс таасирин тийгизип жатканын айтышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

564