7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзүлөрүн ИИМдин кызматкерибиз деп тааныштырып жарандардан акча талап кылгандар кармалышты

741

Өзүлөрүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери катары системалуу негизде жарандардан опузалап акча талап кылуу менен алектенип жүргөн бир топ жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, жогоруда 6 жарандан турган аталган жарандардын тобу өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлерибиз деп тааныштырышып бир жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жолу менен ошондой эле интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтабыз деп шантаж кылып, 300 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

8-август күнү бул кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тинтүү учурунда алардын жанынан белгисиз тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылып алынган.

Учурда  УКМК тарабынан бул кылмыш ишинин шериктерин аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

742