7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үзүлгөн дар… Нарк куржундан

344

Башын оңго, солго буруп казканактаган эл менен учурашып келип, колун чечтирип, дар тактада акыркы намазын окуду.

Шыңга бой, дарбедес, ичиндеги нуру көзүнөн чачыраган, дар эмес камчынын учу да татыбаган, ажалга күлүңдөй баскан АЙБАТЫ менен, атпай журтту айран кылган КАЙРАТЫ менен текчеге чыгып өз колу менен сыйыртмакты мойнуна салды.

Аңгыча эле топ жарылып, эл экиге бөлүнүп, Курманжан датка эки уулун ээрчитип топ жигиттери менен дардын астына келди.

– Апа, келдиңизби? – деди.
Тукумубузда эч ким жаздыкта жатып жан берген эмес, — Балам, маңдайга жазган тагдырың ушу экен! Ажалга тике кара! — деди кайран эне. Жара тилинген апанын жүрөгү алкымга кадалып, жаалы жүзүнө чыкты. Текче жылып, сыйыртмак тартылганда дар ҮЗҮЛҮП, Камчыбек тикесинин тик түштү…

Өлүм да бир! Өкүм да бир!
Бошоткула баламды! — дегенде, элдин жаалынан корккон офицер экинчи жолу буйрук берип, өлүм жазасы ишке ашырылды.

Окуянын НАРКЫ:

БАЛАСЫН АСЫП ЖАТСА, БАСТЫРЫП БАРЫП БАТА БЕРГЕН… Кыргыздын энеси КУРМАНЖАН ДАТКА! Эне баланын эл үчүн деген мүдөөсү, көр дүйнөнү көңтөрүп салды!!!
БАЛАСЫНЫН БАШЫНАН ДАГЫ, БАРЧА ЖУРТТУН АМАНДЫГЫ ЭРКИНДИГИ, баарын басып өттү!

ЭКИ ДАТКАНЫН ОРТОСУНАН жарык дүйнөгө келип, ийрилип, жыйрылып өз үйүндө, өлөң төшөгүндө жатпаган, ЖОЛБОРСТУН ЖОЛУНАН, ИЛБИРСТИН ИЗИНЕН КАЙТПАГАН, ЭЛ БАККАН АЗАМАТТАРДЫН ТӨРӨЛҮШҮ.

Миң жыл жадабай айтчу, Улуттун улуу Наркы!
Атпай журт үчүн аттын үстүндө өмүрү өткөн Алайдын көк жал даткалары!
Кыргыз деп кырда жатып, кыйшая акка моюн сунган Кыргыздын даткалары!

 

345