7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзүн «Камчыбек Ташиевдин уулумун» деп тааныштырган алдамчы кармалды

288

УКМК өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас катары тааныштырып, компаниянын жетекчилигин алдоо жолу менен бетон үчүн химиялык реагенттерди берүү боюнча келишим түзүүгө көндүргөн жаранды кармады.

Ал келишим түзүү максатында компаниянын жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда үнүн манипуляциялап, «Whatsapp» тиркемесине Таймурас Ташиевдин сүрөтүн коюп, өзүнүн өкүлүн компаниянын кеңсесине жөнөткөн.

Андан соң, өз алдынча кеңсеге келип, аны менен келишим түзүүнү талап кылган. Жыйынтыгында ишканага 495 миң сомдук 8 тонна химиялык зат жана аванс катары 80 миң АКШ долларынан ашык Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунаалар которулган.

Учурда «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, аталган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

289