7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзүн милициянын кызматкеримин деп акча талап кылган жаран жоопкерчиликке тартылды

793

Башкы прокуратура өзүн милиция кызматкери катары көрсөтүп, 5 миң доллар талап кылган жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартты.

Маалыматта айтылгандай, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан ички иштер органынын мурдагы кызматкери Ш.Э.Т. аттуу жаранга карата алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыптоо актысы бекитилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (“Алдамчылык”) каралган кылмышты жасаган деп айыпталууда.

Текшерүүдө, укук коргоо органдарындагы белгилүү бир чөйрөдө байланыштары бар, органдардан терс себептер менен бошотулган Ш.Э.Т. материалдык пайда табуу максатын көздөп, кылмыш иши боюнча оор кесепеттерге алып келем деп коркутуп, ошондой эле тергөөнүн жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн экендиги тууралуу айтып, алдамчылык жолу менен Э.Э. аттуу жарандан ири өлчөмдөгү акча каражатын алгандыгы аныкталган.

Айыптоо корутундусу бекитилгенден кийин кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

794