Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 65 жаштагы тургуну үйүнүн жер төлөөсүнөн өзүнүн баласын сумкасынын куру менен муунтуп өлтүргөн. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.
Көрсөтүлгөндөй, каргашалуу окуя 12 августта болгон. Маркум Равшан 1975-жылы туулган, буга чейин жашы жете элек өспүрүмдү зордуктаганы үчүн 20 жыл эркинен ажыратылган. Ал үйүнө 2020-жылдын парель айында кайтып келген.
Апасы Айнуранын көрсөтмөсүндө, уулу апасынын жаш курагына карабастан неберелерин жана өзүн зордуктайм деп коркутуп келген. Ал аялына такыр көңүл бурган эмес. Ошондой эле ал эгер мени каматсаңар өлтүрөм деп коркутуп, апасынын колун кайрып пенсиясын тартып алып, акчасынын баарына ичип салган.
Равшан үйүнө мас абалында келип, туздалган бадыраң алып чыгуу үчүн жер төлөөгө кирип ошол жакта уктап калган. Уулу ойгонуп кайрадан коркутуп баштаган. Сумкасынын курун алып баласын муунткан. Айыпталуучунун айтымында, аны бул абалга дайыма болчу коркутуулары түрткү болгон. Каргашалуу окуяда ал өзүн-өзү башкара албай калган. Ал уулун өлтүрөйүн деген эмес.
Натыйжада сот 65 жаштагы Айнураны күнөөлүү деп таап, өзүн-өзү билбей калган абалда болгонун эске алып 5 жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бирок кийин, кылмыш ишинин жагдайларын эске алып, сот айыпталуучуну эки жылдык пробациялык көзөмөлгө кести.