Кыргызстандын кооз жаратылышын фотоаппаратка тартып, кооздугун дүйнө жүзүнө көргөзүп жаткан түркиялык мугалим Зафер Динчер менен маектештик.
— Зафер мырза, Саламатсызбы? Кыргызстанда качан келдиңиз эле? Канча жылдан бери сүрөт менен алектенип келесиз?
— Саламатчылык. Кыргызстанда 2004-жылы физика мугалими болуп келгем. Мынчалык көп калам деп ойлогон эмесмин. Бул жак жөнүндө чынын айтканда көп дагы маалыматым жок эле. Бирок мынтип 18 жылдан бери жашап жатам. Сүрөттү мен Кыргызстандын жаратылышын көргөндөн кийин тартып баштадым. Өзгөчө кооздугу мени өзүнө арбап алды.
— Көбүнчө Алайкуу өрөөнүн көп тартып киргизесиз, чакыруу менен барасызбы же өзүңүз элеби?
-Мен Кыргызстандын көп эле жерин көрдүм, бирок чынын айтканда түштүк тарабы мени өзүнө өзгөчө тартып турат. Балким эң биринчи Ошко келип, жайгашып калганымдан чыгар. Бирок Алайкуунун жаратылышы чындыгында кооз, бийик тоолору көз жоосун алат. Тоого, жайлоого эс алганы көп барабыз. Анан чакыруулар дагы болот албетте. Түштүктүн эли чындыгында меймандос келишет. Пейили да башкача экен. Жашаганыма 18 жыл болсо деле азыр деле өзгөчө суктанам. Көк бөрү оюндарын тартып берүүмдү да суранышат.
— Кичинекей кымыз көтөргөн баланы тарткан сүрөтүңүз аябай көп жактарга тарады, кайдан тарттыңыз эле?
— Жайында биз лдостор менене Мурдашква эс алцуууга барып калдык. Анан кетели деп жатсак эле ал артыбыздан кымыз көтөрүп келип калды. Аны эч кандай кымбат аппараты жок эле уюлдук телефонго эле тартып алган болчум. Ал деле кымбат баалуу эмес болчу. Бирок ушунчалык соонун учур кармалып калды ошол ирмемде. Коомчулукка тарап, аябай популярдуулукка ээ болот деп эч ойлогон эмес элем. Чет жактардан бери ой-пикирлерди калтырып жатышты. Ал Алимиран деген бала болчу. Кийин дагы барып элдер берген белектерди берип, үй-бүлөсү менен жакындан таанышып кайттым. Анан Түштүк Кореяда иштеп жүргөн кыргыздар да белек берип жиберишип, аны дагы алып барып келдим.
-Тарткан сүрөттөрүңүздү эмне кыласыз же сатасызбы?
— Жок сатпайм. Сүрөт тартуу менин хоббим. Жөн эле социалдык тармактагы баракчаларыма жүктөп коем.
Зафер Динчер: «Керемет сүрөт тартуу үчүн кымбат аппарат деле керек эмес»
