7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зардалыдагы жашоо 19-кылымдан 21-ге секирип өттү

371

Баткен облусунун Баткен районундагы Зардалы айылына кечээ, 10-декабрда электр жарыгы берилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Зардалы айылындагы 56 турак үйгө, 2 мечит, 1 мектеп, 1 ФАП жана 1 чек ара тозотуна күн панелдери орнотулуп бүтүп, электр энергиясы берилди.

Саамалыкка энергетика министри Таалайбек Ибраев, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер катышып, айыл элинин кубанычына ортоктош болушту.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жеке көзөмөлү менен айылга минималдуу кубаттуулугу 303 кВт болгон автономдуу күн фотоэлектр станциясы орнотулду.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Баткен облусунун Зардалы айылына барган. Мамлекет башчысы алдыда айылга барчу жолдун курулушу башталарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөөрүн айтып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма койгон.

Натыйжада эки ай аралыгында айылга күн панелдери орнотулуп, электр энергиясы берилди. Өлкө башчысынын айылга сапарынан соң, бир ай аралыгында уюлдук байланыш да жеткирилип, тургундар өлкө башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

372