7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанда кримтөбөл аталган Салим Абдувалиев кармалганы кабарланды

656

КМШда “Салимбай” жана «Салимбай байбача» деген каймана ат менен таанымал ишкер Абдувалиевди 1-декабрда укук коргоо органдары Ташкенттеги үйүндө кармаганын “Эльтуз” өзбек сайты жазды. Маалыматта аны менен кошо жанындагы адамдарды укук коргоо органдары автобус менен алып кеткени кабарланды. Мындан тышкары басылма күч кызматкерлери ушул тапта кримчөйрөдө “Кара Гафур” атыккан дагы бир ишкер Гафур Рахимовду издеп жатканы кабарланды. Ал Ташкенттеги үйүндө жана дачасында табылбаганы, Өзбекстандан чыгып кетиши мүмкүндүгү айтылууда.

Буга чейин Ташкенттин шаардык ички иштер башкармалыгы «Саидазиз медгородок» атыккан кримтөбөл Саидазиз Сайдалиевдин кармалганын расмий билдирген. 2-декабрда аталган башкармалык Ташкент шаарында криминалдык абалды жөнгө салуу үчүн масштабдуу алдын ала профилактикалык чаралар көрүлүп жатканын кабарлаган. Укук коргоо органдары азырынча Салимбай Абдувалиевдин кармалышы боюнча маалыматтарды тастыктай элек.

“Салимбай байбача” катары таанылган Салим Абдувалиев Борбор Азияда таасирдүү криминалдыктөбөл катары белгилүү. Буга чейин Орусиядагы шайлоого кийлигишкени тууралуу маалыматтар чыккан.

Булак: Азаттык.кж

657