7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанда парламенттик шайлоо башталды

485
Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу (төмөнкү) палатасына добуш берүү үчүн шайлоо участкалары ачылды. Бул тууралуу Спутник Өзбекстан жазды. 
Алар саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Бүгүн шайлоого Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы (УзЛиДеП), Элдик-демократиялык партиясы, «Миллий тикланиш» («Улуттук кайра жаралуу»), «Адилат» социал-демократиялык жана Экологиялык партиясы катышууда.
Өзбекстандын парламенти эки палатадан турат. Депутаттар беш жылдык мөөнөткө быйыл биринчи жолу аралаш мажоритардык-пропорционалдык моделди колдонуу менен шайланат. Маселен, төмөнкү палатадагы 150 орунга 75 депутат бир мандаттуу округ боюнча, калган 75и саясий партияларга берилген добуштардын негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча келмекчи.
Бир мандаттуу округ боюнча 350 талапкер, партиялык тизме боюнча 500 талапкер катталган.
486