7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандык гимнастка Олимпиадада жеңилип, карьерасына чекит койду

1888

Өзбекстандык белгилүү гимнастка Оксана Чусовитина Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга чыкпай калып, карьерасына чекит койгонун жарыялады.

“Эми баары бүттү. Буга кайра кайтып барбайм. Мен 46 жаштамын, аткара турган жумуштарым абдан көп, аларды аткарууга жетишишим керек”, — дейт ал.

Чусовитина Олимпиадада өзү алектенген спорттун түрү боюнча рекордчу болуп эсептелинет, Токио ал үчүн сегизинчи турнир. Ал Токиодогу Олимпиада оюндарында Өзбекстандын байрагын көтөрүп чыкмак, бирок Улуттук олимпиада комитети анын ордуна таэквондистка Нигора Турсункулованы чыгарган. Расмий билдирүүлөргө ылайык, комитет Оксананын чарчап калбоосу үчүн анын ордуна Нигораны чыгарган.

Буга ылайык ал: “Мага эмне үчүн өзгөргөндүгүгү тууралуу эч ким түшүндүргөн жок. Алар жөн гана “сен барбайсың” деп коюшту. Шагымды сындырышты, мотивациямды өлтүрүштү. Мындай кылган туура эмес да. Биз баарыбыз адамбыз, жөн гана түшүндүрүп койсо түшүнөбүз”, — деп нааразычылыгын билдирген.

Чусовитина 1991-жылы СССРдин курама командасында гимнастика боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон, андан кийин 1992-жылы Барселонада өткөн Олимпиадада СССРдин курама командасында чемпион болгон. 2008-жылы Пекинде өткөн олимпиадада күмүш медалга ээ болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1889