7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын тышкы карызы 72 млрд доллардан ашты

177

2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында Өзбекстандын тышкы карызы 8,1 миллиард долларга өсүп, 72,2 миллиард долларга жетти. Анын 36,8 миллиард доллары мамлекеттик карызга, 35,4 миллиард доллары корпоративдик секторго туура келет. Бул туралуу Өзбекстандын Борбордук банкы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, экспорттун көлөмү 29 пайызга көбөйүп, 16,6 миллиард долларды түздү. Импорт 10 пайызга өсүп, 23 миллиард доллардын тегерегинде болду.

Чет өлкөдөн келип түшкөн акча которуулар оң таасир берип, баштапкы жана экинчи кирешелер боюнча сальдо тиешелүүлүгүнө жараша 850,9 миллион жана 5,4 миллиард долларды түздү.

Мындан тышкары, түз чет элдик инвестициялардын таза агымы өткөн жылга салыштырмалуу 42 пайызга көбөйүп, 1,6 миллиард долларга жетти.

2024-жылдын жыйынтыгында Өзбекстандын тышкы карызы 64 миллиард доллар болгон.

Эске салсак, июн айында вице-премьер Жамшид Кучкаров Өзбекстандын мамлекеттик карызы эл аралык нормаларга ылайык «чектүү деңгээлде» экенин айткан.

178