12-апрель — Космонавттар күнүнө карата Өзгөндө Салижан Шарипов атындагы мектепте атактуу космонавттын эстелиги орнотулуп, салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.
Иш-чарага космонавттын өзү — Салижан Шарипов катышып, эстеликтин ачылышы символикалык жана тарыхый мааниге ээ болду. Ал окуучуларга бакубат жашоого, чынчылдыкка жана эң башкысы билимге умтулуу зарылдыгын баса белгиледи.
Өзгөн районунун акиминин орун басары Максат Ибраимов мындай демилгелер жаштарды тарбиялоодо жана алардын келечекке болгон ишенимин арттырууда чоң роль ойной турганын белгиледи.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



