7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөн шаарынын мэри 22 жаранга мыйзамсыз жер тилкелерин бергени аныкталды

989

Өзгөн шаарынын мэри мыйзамсыз жер бергендиги боюнча айыпталып жатканын Башкы прокуратуранын басма сөзкызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош областынын Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышын текшерүүдө, Өзгөн шаарынын мэри К.Н.Т. 2015-жылы мыйзамсыз токтомдорду кабыл алып, шаардагы “Сарахсий”, “Борбордук”, “Жаңы-Өзгөн”, “32д” жана “Гузар” кварталдарындагы жалпы 9038,5 м2 жер тилкелерин 22 жаранга берип жибергендиги аныкталган.

Бул фактылар боюнча райондук көзөмөл органы тарабынан сотко чейинки өндүрүш катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жыйынтыгында, прокуратура тарабынан К.Н.Т.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш негизинен кароо үчүн райондук сотко жиберилген.

Учурда кылмыш иш сотто каралууда. Ал эми, райондук прокуратура тарабынан жогорудагы жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотторго доо арыздар келтирилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

990