7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө аламан улак маалында 27 жаштагы улан аты менен сууга түшүп, каза болду

220

Өзгөндө аламан маалында 27 жаштагы улан аты менен сууга түшүп, каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 8-февраль күнү Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында өткөрүлүп жаткан аламан улагы маалында кырсык катталган.

Алдын ала маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун тургуну, 1999-жылы туулган А.У., минип жүргөн атын сугаруу үчүн Яссы дарыясына барган учурда, аттын буту тайып, суунун жээгиндеги жардан дарыяга кулап кеткен. Натыйжада жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты каттоого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери башталды. Маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

 

221