7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы Достук айылында мектеп, бала бакча жана ФАП курулууда

264

Кыргыз–тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы боюнча көчүрүлө турган айылдардын жашоочулары үчүн курулган Жаңы Достук айылында социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жеке турак үйлөрдүн курулуштары аяктап, учурда мектеп, бала бакча жана ФАП курулууда.

Ошондой эле айылдын инфратүзүмүн өнүктүрүү багытында асфальт төшөө, агын суу жана ичүүчү суу түтүктөрүн орнотуу иштери улантылууда.

Министрлик тарабынан объектилердеги курулуш нормалардын жана эрежелердин талаптарына ылайык аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө максатында жеринде текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Текшерүү учурунда курулуш объектилеринин сапатына, коопсуздук жана техникалык эрежелердин талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулуп келет.

265