7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы жылда Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

20

Бүгүн, 29-декабрда жаңы жылдык майрамдардын алдында Ала-Тоо аянтында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого тартылган өздүк курамынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев, анын орун басарлары, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Гарнизонго 600 милиция кызматкери катышып, 45 даана автоунаа тартылды.

Шаар башчысы майрам күндөрү күчөтүлгөн режимде иш алып баруунун зарылдыгын айтып, адамдар көп чогулган жайларда, соода-көңүл ачуу борборлорунда жана эс алуу аймактарында коомдук тартипти камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту так сактоо өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

“Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн, биргелешкен ырааттуу ишиңиздердин жана кызматтык милдетке жоопкерчиликтүү мамилеңиздердин аркасында жаңы жылдык майрамдар тынч жана коопсуз өтөт деп ишенем. Ар бир шаар тургуну жана борбор калаанын коногу жаңы жылды жакшы маанайда жана коопсуз шартта тосуп алышы керек”, — деди мэр.

Патрулдук кызмат башкармалыгына жаңы жылдык майрамдар учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле унааны мас абалында башкаруунун алдын алуу жана жол бербөө максатында профилактикалык жана рейддик иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана акимиаттарга адамдар көп чогулган жерлерде өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү керектиги айтылды.

Муниципалдык инспекцияга жана акимиаттарга жарандар көп чогулган жерлерде санитардык нормаларды жана эрежелерди милдеттүү түрдө сактоо, башаламан сооданы алдын алуу жана токтотуу боюнча иш-чараларды уюштуруу милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык майрамдар учурунда борбор калаанын милициясы күчөтүлгөн кызмат өтөө режимине өтөт.

21