7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы жылда мугалимдердин эле эмес, билим берүүдөгү бардык кызматкердин айлыгы көбөйөт

180
Жаңырган жылы мугалимдердин эле эмес, билим берүү жаатындагы бардык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, агартуу тармагында жалпысынан 95-97 миң адис эмгектенет.
«Мугалимдердин айлыгы экинчи жолу көтөрүлүп жатат, бирок методисттердики буга чейин көтөрүлө элек болчу. Алардын маянасы 12-18 миң сомдун тегерегинде калган. Мугалимдер методисттерден көбүрөөк айлык алат, болбосо ошолордон окуйт», — деди министр.
Кендирбаева билим берүү жаатына айлыктын көтөрүлүшүн эске алганда 100 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнөрүн кошумчалады.
181