Жаңы жыл майрамынын алкагында шаңдуу маанай жаратуу үчүн фейерверк, петардаларды колдонууну адатка айландыргандар арбын. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бирок ал олуттуу коркунучтарды, экологиялык зыяндуу кесепеттерди, өрттү, материалдык чыгымдарды пайда кылышы мүмкүн экенин көңүлгө алышпайт.
Фейерверктердин негизги зыяндарынын бири — өрт чыгуу коркунучу. Учкундар үйлөрдүн чатырларына, кургак чөпкө же токойлуу аймактарга түшүп, ири өрттөргө себеп болушу мүмкүн.
Маалым болгондой, Буга байланышкан кырсыктардын алдын алуу, экологиялык зыяндарды болтурбоо максатында ӨКМдин өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору “Аламүдүн” базарына атайы рейдке чыгып, сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө питардаларды саткан түйүндөр аныкталган жок. Республика боюнча бардык базар жана дүкөндөрдө атайы рейддер уюштурулуп, сатууга жана колдонууга тыюу салуу иш-чаралары улантылат.
Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын декабрь айынан 2025-жылдын январь айынын аралыгында жаңы жылдык жардыруучу заттарды колдонуудан өлкө боюнча 35 өрт кырсыгы катталган.
ӨКМ кызматкерлери Жаңы жылды коопсуз жана тынч өткөрүү үчүн салютсуз майрамдоону сунуштайт. Коопсуздук эрежелерин сактоо — өз өмүрүңдүн жана башкалардын коопсуздугу үчүн маанилүү жол.



