Бишкекте айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш байлыктарын сактоо жана көлдөрдү, сууларды булгабоо максатында жайкы сезонго карата кеңири иш-чаралар өткөрүлүп жатат.
Тиешелүү кызмат жетекчилерине бир катар милдеттер жүктөлдү. Алардын эң негизгиси — элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Айрыкча балык кармаганды жакшы көргөндөргө тазалыкты сактоо жана сууну аяр пайдалануу керектиги эскертилүүдө.
Милиция кызматкерлери шаар тургундарын жана конокторун жаратылышты булгабай, сууларды таза кармап, эс алуу жайларында тартипти сактоого чакырат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



