7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жайыл районунда 100 миң сомдук жылкы уурдаган жаран кармалды

530

Жайыл районунда 100 миң сомдук мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ноябрь айынын орто ченинде Жайыл районунун ИИБнө Федоровка айылынын 34 жаштагы жашоочусу К.М. арыз менен кайрылып, 17-ноябрь түнкү саат 23:00 чамаларында белгисиз бирөөлөр арыз ээсинин сарайынан бир баш жылкы малын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомдон ашкан.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 2000-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүруш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жургүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Москва районунда туулуп өскөн 1999-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жаран буга чейин соттолгондугу маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, шектүү жаран уурдалган жылкыны башка жаранга сатып жибергени аныкталып, мал милиция кызматкерлери тарабынан табылып, ээсине кайтарылып берилген.
Шектүү шаран убакылуу кармоочу жайга камакка алынып, анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

531