7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жайыл районунда ден соолукка оор зыян келтирүү фактысына шектүү аял кармалды

253

Чүйдүн Жайыл районунда милиция кызматкерлери тарабынан ден соолукка оор зыян келтирүү фактысына шектүү аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2020-жылдын ноябрь айында Жайыл РИИБине арыз менен 1980-жылы туулган Ставрополовка айылынын тургуну кайрылган. Себеби анын 1986-жылы туулган Б.А. аттуу карындашын белгисиз адамдар ур-токмокко алып, андан соң суунун жээгине таштап кеткендигин билдирген. Окуядан кийин карындашы ар кандай жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин негизинде бул ишке шектүү катары мурда оор кылмыш менен соттолгон 1968-жылы туулган У.В. аттуу аял кармалган.

Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Алдын-ала маалыматтарга караганда, кылмыш эки аял мас абалында кызганычтан улам уруша кетишкенинен улам келип чыккан. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

254