7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жайыл районунда эркек киши катуу сабалып, ооруканада каза болду

1059

Чүйдүн Жайыл районунда эркек киши катуу сабалып, ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-март күнү аймактык ооруканадан милицияга денесинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн эркек киши жөнүндө маалымат берилген. 28 жаштагы жаран эртеси күнү ооруканадан каза болуп калган.

«Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Анда алдын ала маалыматтар боюнча 27-март күнү саат 01:00 чамасында Новониколаевка айылында маркум катуу сабалган. Ал эми мушташка катышкан бардык жарандар кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1060