7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жайылда 46 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

803

Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу  Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1985-жылы туулган Д.А., аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, ушул жылдын июнь айында У.А., аттуу жаран андан 110 миң сом акча карызга алып, ушул күнгө чейин кайтарбай жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1975-жылы туулган У.А., аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Териштирүү учурунда шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тураары аныкталган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

804