Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам дүйнөлүк рынокто алтындын баасы дээрлик 3%га өстү. Бул тууралуу Investing.com платформасынын маалыматына таянып, Известия билдирди.
Маалыматка караганда, бул арада алтындын унциясы 5 миң 397,85 АКШ долларына жетти.
Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы масштабдуу аскердик операцияны баштады. Буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базаларына жана Израилдин шаарларына сокку урду. Чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы башка өлкөлөр жабыркады. Ошондой эле, күн мурун Израилдин чабуулдарынан улам Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгону маалым болду.
Адистердин айтымында, геосаясий туруксуздук күчөгөн учурда инвесторлор коопсуз актив катары алтынга көбүрөөк каражат сала башташат. Бул өз кезегинде баанын өсүшүнө алып келет.



