7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: “Кыйылган өмүр” драмасы окуучуларга сахналаштырып көрсөтүлдү

649
Башкы прокурордун буйругуна ылайык, Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаарынын жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун жалпы 17 орто мектебинин 1900 окуучусу менен тиешелүү мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда 5 жолугушуу өткөрүлүп, анда областтык прокуратуранын демилгеси менен даярдалган “Кыйылган өмүр” аталышындагы социалдык драма областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрынын актерлору тарабынан сахналаштырылып коюлуп берилди.
Окуучулар менен балдар арасындагы кылмыштуулук, өз өмүрүнө кол салуу, аракечтик, баңгилик, аптекалык наркомания, эрте никеге туруу жана үй-бүлөлүк зомбулук темасында эркин маектешүү жүргүзүлүп, балдарды кызыктырган суроолорго тиешелүү адистер тарабынан толук кандуу түшүндүрмөлөр берилди.Ошондой эле, жыйындын аягында активдүү катышкан окуучуларга бир нече белектер тартууланды.
Мындан сырткары, бул багытта Жалал-Абад областынын прокуратура органдары тарабынан 2023-жылдын март айында жалпы 153 орто мектептин окуучулары менен 102 жолугушуу өткөрүлүп, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

650