7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад милиция кызматкерлери 23-февралга карата спорттук иш-чараларды уюштурушту

295

23-февраль —  Ата мекенди коргоочулардын күнү. Бул датага байланыштуу Жалал-Абад облусунун аймагында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларды ынтымакка чакырган спорттук иш-чаралар милиция тарабынан уюштурулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Сузак РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан демилгеленген майрамдык спорттук иш-чара Кызыл-Туу айыл аймагындагы мектеп окуучулары арасында өткөрүлдү. Анда бул аймактагы мектептердин жогорку класстарынан куралган уландар жана кыздар №76 Ажимат Матиев атындагы мектепке чогулушту. Оюндун жүрүшүндө милиция кызматкерлери жаштарды ынтымакка жана спортту сүйүүгө чакырышты. Жеңүүчүлөргө Кызыл-Туу айыл аймагынын жана жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен алынган спорттук шаймандар тапшырылды. Мындан сырткары бул аймактагы өспүрүмдөр менен иш алып барган милиция кызматкерлеринин аткарган жумушу жергиликтүү бийлик жана билим берүү мекемелери тарабынан алкоого алынып, ардак грамоталар ыйгарылды.


Майрамга карата спорттук иш-чара Базар-Коргон РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан да уюштурулду. Кеңеш айыл аймагындагы №11 Маматжан Алыкулов орто мектебинде спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш жүрдү. Оюндун негизги максаты жаштар арасындагы достукту жана улуттар аралык биримдикти чыңдоо экендиги белгиленип, жеңүүчүлөргө милиция кызматкерлери тарабынан кубок, глобус, дипломдор жана топтор ыйгарылды.


Ата мекенди коргоочулардын күнүнө карата спорттук иш-чаралар Майлуу-Суу шаардык жана Аксы райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан да уюштурулуп, өспүрүмдөргө кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болуу керектиги эскертилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

296