7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад милициясы эл кыдырып 367 даттанууну кабыл алды

634

Жалал-Абад облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдама унаалары менен жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алууда. Ушуга чейин жалпы 367 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө милициянын көчмө кабылдама унаалары Жалал-Абад шаардык, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Чаткал, Ала-Бука, Токтогул, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмдөрүндө бар. Кызматкерлер бул унаалар менен 25-май акыркы коңгуроо күнү да эл аралашып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

«2021-жылдын 4 ай ичинде милициянын көчмө кабылдамалары 286 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 367 ар түрдүү мазмундагы кайрылууларды кабыл алган. Алардын ичинен өз алдынча башкаруу органдарына 92, мамлекеттик органдарга 25 материал жиберилген. 163 кайрылуу боюнча жеринде юридикалык кеңештер берилген. Ошондой эле 18 факты КЖБРге катталып, тиешелүү иштер жүргүзүлгөн», -деп берилет маалыматта.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

635