7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад облустук милициясы 21-февраль эл аралык эне тил күнүн белгиледи

310

Жалал-Абад облустук милициясы эне тил күнүн белгиледи 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнү катары белгиленип келет. Бул датага байланыштуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан эне тилди өркүндөтүү боюнча семинарлар уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ар бир улуттун тили маанилүү экендиктери айтылып, улуттар аралык ынтымак мындан ары да бекемделиши керектиги белгиленди.

Мындай иш-чаралар облустун бир катар шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө өткөрүлүп, эне тилдин кадыр-баркын арттыруу багытында талкуулар жүргүзүлдү. Жыйындарда ар бир улуттун эне тили ошол элдин баа жеткис байлыгы, урпактарга калтыруучу кайталангыс мурасы экендиги белгиленди.Мындан сырткары жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушуп, ар улуттун тилинде көркөм чыгармалар окулду. Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү эне тилди жана мекенди сүйүүгө чакырышып, мыкты билим алууга үндөштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

311