7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары дайындалды

1670

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Маматаев Эркинбек дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бүгүн облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жаңы дайындалган Эркинбек Маматаевди ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат кызматкерлерине жана облустук мекеме-ишкана жетекчилерине тааныштырды.

Облус өкүлү дайындалган жетекчини куттуктап, Жалал-Абад облусу өлкөдөгү ири аймактардын бири экенин, учурда аткарылуучу жумуштар да арбын экенин айтты. Мындан сырткары облустун ар тараптуу өнүгүүсүндө жигердүү салым кошуу менен жоопкерчиликтүү иш алып барууга чакырды.

 

 

Буга чейин аталган кызматта төрт жылдан ашуун Ырысбек Ызабеков эмгектенген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1671