7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад ОИИБде бир катар сыйлыктар тапшырылды

297

Бүгүн 22-февралда Жалал-Абад ОИИБдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын (ЭММКАК) түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКнын кызматкерлерине ИИМдин медалы жана Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ошондой эле ички иштер органдары менен тыгыз, жигердүү кызматташтыкта иш алып баргандыктары жана коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, республиканын аймагында диний экстремизмдин алдын алууда кошкон зор салымдары үчүн Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жетекчиси Кумарбек Ботокараев жана Жалал-Абад облустук казыятынын адиси Гулсара Каримова ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланышты.


Мындан сырткары ИИОдо көп жыл үзүрлүү кызмат өтөгөндүктөрү жана мыйзамдуулуктун сакталышына, өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон зор салымдары үчүн бир катар ИИОнун ардагерлерине медалдар ыйгарылды.
Сыйлыктарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Нурбек Сыдыков сыйлык ээлерин куттуктап, мындан ары да элибиз үчүн талыкпастан кызмат өтөөгө чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

298