7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан уюштурулган кичи футбол жыйынтыкталды

342

Кечээ, 23-февраль – Ата мекенди коргоочулар күнүнө жана ИИМдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата кичи футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынан 5 команда, Милициянын кайгуул күзөт кызматы, Жалал-Абад ШИИБи, «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы, Тез чара көрүү отрядынан болуп жалпы 9 команда күч сынашты.


Оюндун жыйынтыгы төмөндөгүчө:


1-орун – КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы;
2-орун – Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын экинчи командасы;
3-орун – Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү;
4-орун – Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы.


Жеңүүчүлөргө Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

343