7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарында 1525 окуучу 11-классты аяктады

260

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Б.Осмонов атындагы №5 мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты.

Майрамдык иш-чарага шаардык кеңештин депутаттары Назгүл Айдарова, Айбек Тешебаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, мектепти мындан 20 жана 35 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр да катышып, бүтүрүүчүлөрдү «Акыркы коңгуроо» салтанаты менен куттуктап сыйлыктарды тапшырышты.

Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад шаарында 1525 окуучу 11-классты, 3715 окуучу 9-классты аяктап жатат. Облус аймагында 485 жалпы билим берүү мектепте акыркы коңгуроо кагылып, 10 миң 316 окуучу 11 классты, 24 миң 600 окуучу 9-классты аяктады.

261