7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки генералдык планы даярдалууда

894

Бүгүн, 3-декабрда, шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган тийиштүү жетекчилер, шаардык кеңештин депутаты Наргиза Караева шаардын башкы планын даярдап жаткан адистер менен жолукту. Анда шаардын башкы планы боюнча бир топ маселелер талкууланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардын баш планын даярдап жаткан адистердин берген маалыматына таянсак, Жалал-Абад шаарынын аянты жанаша жайгашкан айыл аймактардын (Сузак, Барпы, Кызыл-Туу, Таш-Булак) эсебинен 4452 гектардан 7751 гектарга кеңейтилет. Ошондой эле дарядалып жаткан генпланга ылайык, шаарда бийик кабаттуу имараттарды курууга тоскоолдук жаратып келген аэропорт жок болот. Тагыраагы, ал Сузак районунун аймагына көчүрүлөт. Андан сырткары өндүрүштүк аймак, турак жай курууга багытталган аймактар так аныкталат.

Белгилей кетсек, шаардын башкы планын даярдоого республикалык бюджеттен 5 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 2,4 миллион сом жумшалууда. Ал 2023-жылы даяр болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

895