7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарынын жаштар кеңеши кайрадан түзүлдү

738

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова калаадагы коомдук уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук фонддордун өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын жаштар комитетинин төрага, төрайымдары, демилгелүү, активдүү жаштардын башын бириктирип, шаардын жаштар кеңешин кайрадан түздү.

Маалыматка ылайык, жаштар кеңеши төрага же төрайым, орун басар, катчы жана 9 мүчөдөн турат. Алар шаардагы бардык иш-чараларды уюштурууга, шаардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жаштар тарабынан демилгелерди көтөрүп, бийлик бутактарына жаштардын атынан сунуш берүүгө укуктуу болушат.

Таштанбекова Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жаштар кеңеши 2017-жылы түзүлүп, бирок, бир топ убакыттан бери иши үзгүлтүккө учурап калганын билдирген.

Кайрадан түзүлгөн жаштар кеңешине 23 жаштагы Чыңгыз Каратаев көпчүлүк жаштардын колдоосу менен шайланды. Учурда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык окуу жайынын 4-курсунун студенти. Каратаев Жалал-Абад шаарында жаштар тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жасалаарын белгилеп, ага жаштарды жана шаардык мэрияны колдоо көрсөтүп турууга чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

739