7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жаңы эки өрт өчүрүүчү унаа берилди

687

Жалал-Абад шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө эки даана өрт өчүрүүчү унаа тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-мартта заманбап өрт өчүрүүчү автоунаалар менен президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, ӨКМнин орун басары Эделбек Маматкулов, ӨКМдин облустук башкармалыгынын жана шаардык бөлүмүнүн жетекчилери менен биргеликте таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, Орусиядан чыгарылган Камаз АЦ-6-40 үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаалар акыркы үлгүдөгү өрт өчүрүүчү жабдыктар менен жабдылып, өзүндө 6 тонна суу алып жүрөт.

Аталган техникалардан Жалал-Абад облусуна жалпы 5 даана келген болсо, анын экөөсү Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө берилди.

Эске салсак, шаардагы өрт өчүрүүчү унаалар соңку жолу 2009-жылы жаңыртылган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688