7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Жарандын бетине уксус чачып, 2 млн сомдук зергер буюмдарын уурдап кеткен

815

Ноокенде алтын буюмдарын карактоо үчүн ишкердин бетине уксуз чачып качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-декабрь күнү Ноокен районун Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнөн Ноокен РИИБдин 102-телефонуна маалымат түшкөн. Анда, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1971-жылы туулган М.А. белгисиз жаран көзүнө уксус чачып жибергенин билдирип, Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнө жаткырылганын билдирген.

Бул факты Ноокен РИИБдин Маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Текшерүү учурунда, ошол эле күнү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын борбордук баазарында жайгашкан күрөөканасына өзүнө бейтааныш жашы 30-35 жаштагы азият улутундагы бетинде медициналык бет кап кийген аял киши кирип келип, жабырлануучунун бетине уксус кислотасын чачкан. Андан соң, жанында турган сумкасынын ичиндеги жалпы базар баасы 2 000 000 (эки миллион) сомдук алтын сөйкө, цепочка, шакек, браслеттерин алып, белгисиз жака изин жашырып качып кеткен.

Кылмыш жаза кодекеснин 207-беренесине ылайык (Каракчылык) кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга соттук- медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган кылмышка шектелип Ноокен районунун 20 жаштагы тургуну А.А. экендиги аныкталып, ал тергөө кызматына камсыз кылынган. Шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, сумканын ичиндеги далил-буюмдарды үйүнөн алып чыгып тапшырып берген.

Шектүүнүн колунда наристеси бар экендиги эске алынып үй камагында калтыруу боюнча чарасы тандалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

816