7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: «Жолугушуу жээги» деп аталган карылардын клубунда майрамдык кече өттү

668

Кечээ, 11-мартта Кызыл жарым Ай коому тарабынан негизделген Жалал-Абад шаарындагы “Жолугушуу жээги” деп аталган карылардын клубунун мүчөлөрүнүн жолугушуусу болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар кол өнөрчүлүк менен алектенип, бири-бири менен жолугушуп турушат. Кезектеги жолугушууга Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова да катышып, карылардан кабар алды. Ал жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Кызыл жарым Ай коому уюштуруп келе жаткан бул иш-аркет карыларга дем-күч берээрин белгиледи.

Аталган жай 4 жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Клубка мүчө болгон жалгыз бой энелер, камкордукка муктаж болгон аталар жумасына бир ирет аталган жайда жыйналышат. Аларга Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери көмөктөшүп турат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 100дөн ашуун жалгыз бой жана камкордукка муктаж болгон карылар бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

669