7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жаш келиндин асылган абалда табылышы. Күйөөсү менен жеңесине кылмыш иши козголду

1412

2-ноябрда Токтогул районунда 1997-жылы туулган келиндин жансыз денеси өзү жашаган үйүнүн короосундагы мал сарайдын ичинде жипке асылган абалда табылган. Келиндин 5 айлык кош бойлуу болгондугу да маалымдалган.

«Адилет» укук коргоо уюмунан маркумдун күйөөсү менен жеңесине кылмыш иши козголгонун билдиришти. 

Маалыматка караганда, келиндин күйөөсү менен жеңеси көнүлдөш болушкан, ошонун айынан үй-бүлөдө дайыма чыр-чатактар ​​болуп турган. Каза болгон келин аларды бир нече жолу төшөктөн кармап алган.  «Келин күйөөсүнө жеңеси менен сүйлөшүүнү токтотуусу керектигин айтканда, сабап салган. Келин көп учурда көгала болуп жүрчү. Бир күнү ал үйгө мас абалында келип, аялын өлтүрөм деп коркуткан. Келин мунун баарын көтөрө албай, өз жанын кыйган. Өлүм алдындагы катында анын өлүмүнө эки шектүүнүн тең атын атаган. Себеби, алардын тынымсыз кысымы жана кемсинтүүсү буга себеп болгон», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, окуя боюнча Жазык кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1413