7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 43 жаштагы аялды зордуктоого шектүү 2 жаран кармалды

622

Жалал-Абад шаарында 43 жаштагы аял зордукталганын айтып милицияга кайрылган. Шектүү катары 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад шаарында 1978-жылы туулган аял киши милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 26-март күнү саат 12:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн белгисиз бир жаран үйгө кирип келип, эркине каршы зордуктап, колундагы миздүү учтуу белгисиз предмет менен башына уруп, денесине жаракат келтиргени жазылган.

Натыйжада аял ооруканага кайрылып, биринчи жардам алып үйүнө чыккан.

«Жогорудагы факты Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБинин тергөө ыкчам тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн. Андан сырткары жабырлануучу аялга карата соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Көп өтпөй шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 1987-жылы туулган тургуну О.З. жана Сузак районунун 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатышат», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

623