7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 650 орундуу мектеп капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

464

Сузак районунун Миң-Өрүк айылындагы №6 Т.Темирбаев атындагы мектеп-гимназия толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, 2-сентябрда пайладанууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев, Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев жана орун басары Талант Иманакун уулу катышты.

Белгиленгендей, мектеп 1976-жылдары курулган, ошондон тарта капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Быйыл июнь айында республикалык бюджеттин каржылоосу менен оңдоп-түзөө иштери башталган.

Билим ордо 650 окуучуга ылайыкталган, 3-кабаттуу окуу корпусу, актовый залы, ашканасы, спорттук залы жана өтмө галереясы бар.

Мектепте 2023-2024-окуу жылдары 1057 окуучу билим алган.

465