Бүгүн, 29-октябрда, Жалал-Абад шаардык мэриясында 9 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, вице-мэрлер, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9 ай аралыгында экономикалык, социалдык, курулуш жана коммуналдык тармактагы аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылган. Ошондой эле айрым жетекчилерге эскертүүлөр берилип, кемчиликтерди жоюу жана коюлган иш-пландарды жыл аягына чейин ашыгы менен аткаруу талабы коюлду.
«Жыйында 2021-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы боюнча өнөр жай ишканалары тарабынан 3 млрд. 445,8 млн. сомдук продукция өндүрүлгөнү, ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 897,5 млн. сомго көп экендиги айтылды. Ал эми шаарда жайгашкан чакан жана кичи ишканалар тарабынан 255,8 млн. сомдук өнөр-жай продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 184,3%га жогорулаган. Ошондой эле, шаарыбыздын жеке ишкерлери тарабынан 85,7 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүлгөн продукциянын өсүү темпи 121%ды түздү», — деп берилет маалыматта.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын 2021-жылыдын 9 айынын жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүнүн жалпы Кыргыз Республикасынын Фиансы министрлиги тарабынан жеткизилген такталган планы 394 659,4 миң сом болсо, 395 848 миң сомго аткарылган. Бул такталган пландан 1 188,8 миң сомго көп түшкөн.