7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда аял өз өмүрүнө кол салган

617

Жалал-Абадда өз өмүрүнө кол салган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-октябрь күнү саат 17:15 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырына 1 аял киши чыгып өз өмүрүн кыюга аракет кылууда деген маалымат келип түшкөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, турак үйдүн 4-кабатындагы батирдин эшигин бузуп кирип, жаранды куткарып калышкан.

Куткаруучулар аялды ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Аял киши мас болгондугу аныкталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

618