7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда баңгизат сатуу каналын уюштурган милициянын капитаны кармалды

647

Жалал-Абад облусунда баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөн милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Сузак РИИБнин Бек-Абад айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны К. у К. тарабынан уюштурулган баңгизаттарды сатуунун туруктуу каналдарынын бирине бөгөт коюлду. Аталган кызматкер көптөн бери Жалал-Абад облусунун аймагында ири өлчөмдөгү баңгизатын ташуу жана сатуу менен активдүү алектенип келген.

14-декабрда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында «Афган Чарс» баңгизатынын кезектеги партиясын сатуу учурунда жогоруда аталган милиция кызматкери пара менен кармалды. Мындан сырткары баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан эки жаран кармалган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 562 граммды түзгөн.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

648