7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда үч айлык ишембилик өтөт

544

Жалал-Абад облусунда ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен 2022-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин бардык район-шаарларда айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун үч айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн ишембилике карата түзүлгөн облустук штабдын алгачкы жыйыны болуп, аткарылуучу иштер талкууланды. Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Үч айлыктын алкагында ар бир мекеме-ишкананын жетекчилери бөлүнгөн район-шаарларда иштин аткарылышын көзөмөлгө алат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да коюлган тапшырмалардын жүрүшүн камсыздайт.

Ишембиликтерде көчө, аллея, сейил бактарга дарак көчөттөрүн, гүл түрлөрүн эгүү, бак-дарактарды бутоо, актап сырдоо, санитардык абалын жакшыртуу, арык-каналдарды тазалоо жана жээк бекемдөө иштери аткарылат. Мындан сырткары ири авто жол бойлорун абаттоо, көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотуу, мекеме жана турак жайлардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жумуштары күчөтүлөт.

Жыйында ар бир аймакта отургузулган көчөттөрдүн өсүүсү өзгөчө көзөмөлгө алынаары белгиленди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда үч айлыкты уюшкандыкта аткаруу максатында жер-жерлерде да атайын штабдар түзүлгөн. Бардык социалдык объектилер, тейлөө жайларынын менчигинин түрүнө карабай абаттоо иштерин колго алмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

545